БШК мүчөсү Абдымомун Мамараимовдун журналисттерге билдиргени боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын саноо бул жолу көп убакытты талап кылат. Анын айтуусунда 29 саясий партияга, «бардыгына каршы» берилген добуштарды жана жарактан чыгарылган бюллетендерди өз-өзүнчө бөлүп санап чыгуу көп убакыт алат.
Так маалыматтар бюллетендер менен келгенче участкалык шайлоо комиссиялары чөнтөк телефонундагы кабарлама жана факс аркылуу маалыматтарды жиберишет. Ошондуктан БШКда шайлоонун жыйынтыгы тууралуу алдын ала маалымат болот.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо бүгүн саат 20:00дө аяктайт. Бүгүнкү добуш берүү жараянына канча шайлоочу катышканы тууралуу жыйынтыктоочу маалымат жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө берилет.(ZKo)