Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Нарында айрым мыйзам бузуулар байкалды


Облустагы 165 шайлоо участокторунда добуш берүү болду. Нарын шаарындагы эки участоктон бюллетенге «Содружество», «Ата Мекен» партияларынын тушун белгилеп кол телефонуна кабинадан сүрөткө тартып жаткан эки шайлоочу кармалып, акт түзүлүп бюллетень жараксыз деп табылды. Бир участокто шайлоо башталгандан кийин шайлоо токтотулуп бюллетень саналган, башка участокто добуш берүү саат сегизде башталган эмес, түшкө чейин бир топ шайлоочулар негизги тизмеде туруп, бирок паспортто жашаган жери башка жакта катталгандыктан добуш бере алышпай ал маселе түштөн кийин оң жагына чечилди, бирок кеткен шайлоочулардын баары кайра добуш бергени келишкен жок. Дагы бир участокто бир кишинин ордуна башка бирөө добуш берип кеткен фактылар да болду. Облуста бир гана бюллетень салган үкөк Ак-Муз айылында толуп, ал алмашылды. №4050 Жан-Булак шайлоо участогунан «Республика» жана КСДП партиялары бири бирин бюллетень таштады деп күнөөлөшүүдө. Бул боюнча Нарын райондук прокуратурасында азырынча маалымат жок. Ал эми облустук шайлоо комиссиясы ал боюнча арыз карамай болушту.(JI)

XS
SM
MD
LG