Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Аба ырайы


11-октябрга карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22 даража жылуу болот, Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20, Баткенде түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18, Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 даража жылуу болоору күтүлүүдө. Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11 даража муздак, ал эми күндүз -2…+3 даража жылуу болот.

Бишкек шаарында 11-октябрда ала-булут каптап мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 19…21 даража жылуу болот.

XS
SM
MD
LG