Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Байкоочулар шайлоонун жүрүшүнө баасын беришмекчи


Бүгүн Бишкекте бир катар эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо орун алган мыйзам бузуулар боюнча өз баасын берери күтүлүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурлан Шериповдун билдиргенине караганда, учурда он тогуз мыйзам бузуу факты боюнча административдик иш козголгон. Анын айтымында, негизинен мыйзам бузуулар Шайлоо кодексинин 49 жана 55-беренелери боюнча катталган. Тагырак айтканда “Шайлоо комиссиялары тарабынан мыйзам менен бекитилген жоболорду аткарбоо” жана “көмүскө материалдарды мыйзамсыз даярдоо жана таркатуу” беренелери боюнча иштер козголуп, эки факт боюнча эки кыргыз жараны кармалган. (ES)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG