Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Ооганстанда шайлоодогу мыйзам бузуулар териштирилет


Ооганстандагы 25 депутат шайлоодо добуштарды бурмалаганы үчүн айыпталууда. Оогангстандагы шайлоого көз салган умдардын айтуусунда парламентке ат салышкан 175 талапкерге, анын ичинде 25 депутатка шайлоону бурмалаганы үчүн айып тагылууда. Шайлоодогу арызданууларды каттаган комиссиясы 18-сентябрдан бери 4149 доо-арызды кабыл алган. Эгер катталган арыздардын жарымы териштирүүдө далилденсе, анда шайлоонун жыйынтыгын таанууга сөссүз таасир этет. Эгер талапкерге коюлган күнөөлөр даилденсе, анда анын добушу жокко чыгарылып, иши тергөөгө берилет.

Ооганстан парламентинин төмөнкү палатасындагы 249 орунга 2 жарым миң талапкер ат салышкан. Шайлоонун жыйынтыгы келип түшкөн арыздар териштирилмейинче расмий жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG