Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Д. Ошурахунова: Шайлоо эркин, ачык, тынч өттү


“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси кечээки шайлоодо байкоочуларга мурдагыдай кысым-басым болбогонун, бейөкмөт, эл аралык уюмдардан, саясий партиялардан байкоочулардын көп болгону шайлоонун акыйкат өтүшүн шарттады деп билдирди журналисттерге. Ал мурдагы шайлоолорго караганда алдыга карай чоң кадам ташталды деп белгилеп, ошентсе да Ош, Нарын облустарында добуштарды сатып алуу аракеттери болгонун, ал эми Ошто шайлоочуларды ташып алып келүү фактылары катталганын кошумчалады.

Коалиция шайлоонун жалпы жыйынтыктары тууралуу кошумча маалымат бермекчи. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы шайлоо күнү 500 участокто добуш берүүгө байкоо жүргүзүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG