Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

ENEMO: Шайлоо жалпысынан демократиялык жол менен өттү


Мындай бүтүмүн эл аралык байкоочулардын уюму ENEMO бүгүн журналисттерге билдирди. Аталган уюмдун байкоочулары 297 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салышкан, мунун ичинен байкоочулар 35 шайлоо түйүнүндө шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун маалымдашты. ENEMO байкоочулар миссиясынын башчысы Иван Ивкович жалпысынан шайлоо демократиялык жол менен өткөндүгүн айтып, Кыргызстанда сөз эркиндиги жакшы жагына өнүккөнүн белгиледи. Иван Ивкович шайлоонун тынч өтүшүнө ага катышкан саясий партиялардын “Жүрүм-турум кодексине” кол койгону да себеп болду деп эсептейт.
Эл аралык байкоочулардын ENEMO уюму 2009-жылы 23-июлда болгон Кыргызстандагы президенттик шайлоо өтө одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирип чыккан эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG