Кытайлык диссидент Лю Цзяобо Нобель тынчтык сыйлыгын Тянанмен аянтында набыт болгондорго арнады. Лю "1989-жылы нааразылыгын билдирип аянтка чыккандар Кытайдагы тынчтык, эркиндик жана демократия үчүн өз өмүрлөрүн кыйышты" деди. Жубайы аны менен 10-октябрда түрмөдө жолугушуп, көп узабай үй камагына алынды. Нобель сыйлыгы Люга өткөн жумада ыйгарылган. Ал коммунисттик режимди төңкөрүүгө аракет кылган деген кине менен 11 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы диссидент бир катар активисттер менен реформаларга үндөгөн хартияга кол койгон.