Саат 20.00 гө карата добуштардын дээрлик 99 пайызы эсептелип бүттү. Андагы көрсөткүчтөр боюнча “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 143390 добушка ээ болду . Партиянын төрагасы Адахан Мадумаров алар беш пайыздык чектен өтүшкөндүгүн “Азаттыкка” билдирди. Бирок Борбордук Шайлоо Комиссиясынын маалыматы боюнча “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын беш пайыздан өткөн-өтпөгөнүн азыр айтуу эртелик кылат. БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанованын айтымында кошумча тизме менен добуш берген шайлоочулардын баары эсептелип бүткөндөн кийин гана кайсыл партия беш пайыздык чектен өткөнү белгилүү болот. (КС)