АКШ мамлекеттик катчысы Х.Клинтондун бүгүн Балкан өлкөлөрүнө: Босния-Герцеговина, Сербия жана Косового сапары баштады. Клинтон үч күндүк сапарын Сараеводон баштап, ал жерде босниялык лидерлер менен ушул ай башында өткөн президенттик жана парламенттик шайлоодон кийинки абал тууралуу сүйлөшөт. Андан кийин АКШ мамкатчысы Белградга токтоп, сербиялык лидерлер менен Косово маселесин, аймактагы туруктуулук жөнүндө кеп курат. Сербия өз алдынча күнкорсуздук жарыялап кеткен Косовону азыркыга чейин өзүнүн аймагы катары санайт.