Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Түштүктөгү кырдаал боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлөт


Президент Роза Отунбаева “Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү жөнүндөгү” буйругун ишке киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, аймакта этностор аралык мамилени стабилдештирүү боюнча атайын программа бекитилет. Аткаруу жана өзүн өзү башкаруу органдары аталган программага ылайык конкреттүү чараларды көрүүгө милдеттендирилет. Мекемелер аралык комиссия аткарган иши тууралуу ар бир айдын 20сына чейин маалымат берип турмакчы. Комиссиянын ишин президенттин администрациясы көзөмөлдөйт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG