Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абат облусттук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров билдирип, аймакта кырдаал тынч экенин белгиледи. Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Таш-Көмүр жана Аксыдагы тарапкерлери шайлоо жыйынтыгына нааразыланып Ош-Бишкек жолун бууганы жатканы кабарланган. Аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев “Азаттыкка” шайлоочуларды сабырдуулукка чакырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий чечими чыкканга чейин күтө турууга үндөп жатышканын, бирок шайлоочулар макул болбой жатканын айткан.
БШК төрагасы Акылбек Сариев партиялардын парламентке келишине жол ачкан 5 пайыз чек 150 миңге чейин көтөрүлдү деп билдирди. Буга чейин бул чек 142 миңге чукулду түзүп жаткан. Шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” 145 миң 455 добуш алган. Партия лидерлери бул чекти атайлап чоңойтуп жатат деп БШКны күнөөлөдө. (EBM)