Франциянын кесиптик союздары өкмөттүн пенсияны реформалоо планына каршы жалпы улуттук иш таштоо акциясын бүгүн да улантышты. Буга байланыштуу темир жол жана аба катамдар, деңиз порттору бүгүн жарым-жартылай гана иштөөдө. Президент Саркози сунуш кылган реформада пенсияга чыгуу курагы 60тан 62 жашка жогорулатылат деп каралган. Франциянын Сенаты жаңы мыйзамды чукул арада бекитүүгө тийиш. 1995-жылы Француз өкмөтүнүн пенсия системасын реформалоо аракетине кесиптик союздар каршы чыгып, токтоп калган.