“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоонун өтүшү тууралуу бүгүн маалымат жыйын өткөрдү. Анда коалиция түзүү боюнча үч талап бар экенин айтып, ошол талаптарды кабыл алган партиялар менен бириге алышарын айтты. “Биринчиден, башка партиялар “Республиканын” экономикалык программасын колдошу керек, экинчиси Кыргызстандын бүтүндүгүн жана улут аралык биримдикти сакташы зарыл, үчүнчүсү, Орусияны стратегиялык өнөктөш катары карашы керек”, - дейт Ө. Бабанов. Ал ошондой эле мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарын өлкөгө алып келүүгө ниет кылган саясий күчтөргө жакындабай турганын кошумчалап, коалиция түзүү маселеси жакынкы бир-эки күндө чечилиши керектигин баса белгиледи. Буга чейин "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өз партиясы башка саясий күчтөр менен иштешүүгө даяр деп билдирген болчу. (EBM)