Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Чилиде жер алдынан кенчилерди чыгаруу башталды


Эки айдан ашуу 600 метр тереңдикте камалып жаткан шахтерлор атайын даярдалган калып менен бир-бирден сыртка ташыла баштайт. Операция тынымсыз түрдө 48 саатка созулат. Сан Хосе кенинде операция башталганда Чилинин президенти Себястян Пинера өзү келет. Ал эми жер алдындагы шахтерлордун жакындары бир нече жумадан бери кендин жанында чатырларда жашоодо.

5-августтан бери шахтада камалып калган кенчилер менен байланыш видеокамера аркылуу, дары-дармек, өтө зарыл тамак-аш көзөнөк аркылуу жеткирилип турат.

XS
SM
MD
LG