Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Жогорку Кеңеш депутаттарды кабыл алууга даяр


Бул тууралуу президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жаңы шайланган депутаттардын биринчи жыйынында каралчу тиешелүү иш кагаздардын бардыгы даяр. “Буга чейин Жогорку Кеңештин иш тартиби жөнүндөгү Кыргызстандын аракеттеги мыйзамдарын жаңы Конституцияга дал келтирүү жана андагы карама-каршылыктарды жокко чыгаруу багытында көптөгөн иштер жасалды жана бул мыйзамдар учурда өкмөттүн кароосунда”,-дейт С. Касмамбетов. Жүз жыйырма депутаттан турган жаңы парламент 7-апрелде талкаланып, бирок кайрадан толугу менен калыбына келтирилген өкмөт үйүндө иш алып барат. Ошондой эле бул имаратта президент жана анын администрациясы жайгашмакчы. Ак үйдү кайрадан оңдоп-түзөгөнгө баш-аягы 40 миллион сом сарпталган. (ES)

XS
SM
MD
LG