Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:40

Чилиде 69 күн жер алдында камалып калган 3-кенчи куткарылды


622 метр тереңдиктен атайын жасалган көзөнөк аркылуу куурдагы калыпка түшкөн 3-кенчи чукул чаранын натыйжасында куткарылды. Жер бетине чыккандардын бири боливиялык атуул экени кабардалды. Эми кенчилер ооруканага жаткырылат. Чилинин президенти Себастян Пинера баш болгон аткаминерлер, куткаруучулар, журналисттер куткаруу чарасына көз салып турушат. Ал эми жер алдына камалып калган шахтерлордун жакындары бир нече жумадан бери кендин жанында чатырларда жашоодо. Куткаруу чарасы тынымсыз түрдө 48 саатка созулат.

5-августтан бери шахтада камалып калган 33 кенчи видеокамера аркылуу тыш менен байланышып, дары-дармек, өтө зарыл тамак-аш көзөнөк аркылуу жеткирилип турган. Кенчилерди куткаруу чарасы башталганда жаны жылга жакын гана шахтерлор жер бетине чыгаары болжолдонгон эле.

XS
SM
MD
LG