Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Депутаттар адегенде парламенттин иш тартиби менен таанышат


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетов кабарлады. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жаңы шайланган депутаттардын биринчи жыйынында каралчу тиешелүү иш кагаздардын бардыгы даяр. Жаңы дайындалып келген депутаттар үч күндүн ичинде Конституция, “Депуттардын макамы жөнүндө” мыйзам менен таанышып чыгышы керек. Андан кийин гана жыйындарда мыйзамды карай башташат.

Жүз жыйырма депутаттан турган жаңы парламент 7-апрелде талкаланып, бирок кайрадан толугу менен калыбына келтирилген өкмөт үйүндө иш алып барат. Ошондой эле бул имаратта президент жана анын администрациясы жайгашмакчы. Ак үйдү кайрадан оңдоп-түзөгөнгө баш-аягы 40 миллион сом сарпталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG