Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

7-апрелде окко учкандардын туугандары митингге чыгышты


7-апрелде окко учкандардын 50дөн ашуун туугандары Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты. Алар курамына мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маалында иштеген адамдар да кирген “Ата Журт” партиясынын шайлоодо көп добуш алганына нааразы болушууда. Ошол себептүү алар добуштарды кайра эсептеп чыгууну талап кылып жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” митингге чыккандардын бири Осунбек Жамансариев кабарлады. "Партиянын тизмесинде мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун аялы бар экен. Бакиевди алып келебиз дегендерге да каршы болуп жатабыз. Токсон бала кайрадан эле ушулардын келиши үчүн каза тапты беле",-деди О.Жамансариев.

“Ата Журттун” лидерлеринин бири Садыр Жапаров партия өз күчү менен жеңишке жеткенин, шайлоо таза, ачык өткөнүн “Азаттыкка” билдирген. Аталган партия 10-октябрда жалпы шайлоочулардын 8,89 пайыз добушун алып, алдыга чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG