Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

“Ар-намыс” жана “Ата Журт” добуштарды кайра саноого макул


“Ар-намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, 10-октябрдагы шайлоодо маарага жеткен беш партия добуштарды кайра саноого макул экенин билдирди. Анын айтымында, мындай сунуш БШК төрагасы Акылбек Сариевдин алдыга чыккан беш партиянын өкүлдөрү жана жыйынтыктарга макул болбой жаткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен болгон жолугушууда айтылган. Добуштарды кайра саноого макулдугун “Ата Журт” да бергенин “Азаттыкка” партия мүчөсү Абибилла Абдугапаров ырастады.

Ал эми КСДП партиясынын координатору Фарид Ниязов добуштарды эмес, протоколдорду кайра карап чыгуу сунушун билдиргенин айтып, бул маселени БШК гана чечерин кошумчалады. “Республика” партиясы БШК төрагасы А.Сариев менен болгон жолугушууда эч кандай расмий билдирүү жасабаганын айтууда. Партия тараткан билдирүүдө добуштарды кайра саноо шайлоо жыйынтыгын кечеңдетип, өлкөдөгү башаламандыкка алып келиши ыктымалдыгын, бардык маселе мыйзам чегинде чечилиши керектиги белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG