Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:54

БШК беш пайыздык босого боюнча жаңы чекти өзгөртпөйт


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, шайлоочулардын алгачкы эсептелген тизмеси боюнча 5% босого 142 миңге чукул болсо, кийин такталгандан кийин жалпы шайлоочуларга 200 миң киши кошулган. Ага ылайык жалпы шайлоочулардын саны 2 млн. 900 миңге жакын эмес, 3 миллионго жетти. “Бул сандар өзгөрбөйт жана ушундан 5 % босого эсептелет. Ошол себептүү бул көрсөткүч 142 миң эмес, 150 миң добушка чыкты”, - деди А.Сариев.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоодо 145 миң 455 добуш алып, шайлоого чейин белгиленген беш пайыздык босогодон өткөнүн айтуу менен беш пайыздык чекти мурдагы калыбында калтырууну талап кылууда. Бул партиянын тарапкерлери ушундай талап менен акыркы эки күндөн бери жер-жерлерде нааразылык акцияларын уюштурууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG