Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Орто-Сай базарындагы талаш уланууда


Бишкектеги Орто-Сай базары боюнча сот иши бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда каралмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Орто-Сай базары” ишканасынын мурдагы башкы эсепчиси Гүлмира Алиева билдирди. Анын айтымында, Орто-Сай базарынын Советтер союзу маалынан берки кызматкерлерине тиешелүү бөлүгүн мурдагы мэр Данияр Үсөнов маалында мэрия күчтөп тартып алып, башка бирөөлөргө башкарууга берип койгон. Ошондон бери сот иштери уланып отуруп Жогорку Сотко чейин жеткен. Учурда кайра териштирүүгө жиберилген бул иш райондук сотто каралууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG