Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

“Ар-намыс” парламентте АКШ базасын чыгаруу маселесин көтөрөт


Бул тууралуу “Ар-намыс” партиясынын лидерлеринин бири Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эгер Феликс Кулов премьер-министр болуп калса Орусиянын кызыкчылыктарын эске алуу менен саясат жүргүзүлмөкчү. Ошондой эле ал “Ар-намыс” партиясы парламентке келгенден кийин Баткен облусунда Орусиянын экинчи аскерий базасын ачууну талап кыларын, бул террорчулукка каршы туруу үчүн керектигин, ошондой эле алар АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасын чыгаруу маселесин көтөрүшөрүн кошумчалады. Ал эми 7-апрелде бийликке келген башка партиялардын жетекчилери АКШнын Кыргызстандагы базасы менен келишимди узартып, алар менен иштеше берерин билдиришкен болчу. Ал партиялардан шайлоодо КСДП менен “Ата-Мекен” партиясы өттү. (IJz)

XS
SM
MD
LG