Укук коргоочулар кеңеши 10-октябрда өткөн шайлоодо алдыга чыккан партияларга кайрылып, Кыргызстандын түштүгүндө укук коргоочуларга кысым жасоолор, коркутуп-үркүтүүлөр уланып атканын билдиришти. Кайрылууда айтылгандай, 12-октябрда белгисиз бирөөлөр “Акыйкат” укук коргоо борборунун Жалал-Абад шаарындагы кеңсесине келишип, укук коргоочулар менен адвокаттарды коркутушкан. Алар өздөрүн жеңген партиялардын биринин өкүлдөрү экенин айтып, Кыргызстандын түштүгүндөгү сот процесстерине кийлигишпөөлөрүн талап кылышкан. Буга байланыштуу Укук коргоочулар кеңеши бийликке келмекчи болуп турган бардык партияларга кайрылып, аларга өз тарапкерлерин мыйзамдарды жана тартипти сактоого үндөөгө чакырышты. (IJz)