Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:43

АКШ Мамлекеттик катчысы пакистандык байлар өлкөгө кол-кабыш кылуусу керек деп эсептейт


Хиллари Клинтон бул тууралуу бүгүн Брюсселде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен жолукан соң айтты. Ал Пакистан өкмөтүн жайдагы суу ташкындын кесепеттерин жоюуда жергиликтүү байлардын каражат кошуусун камсыздоого чакырды. Клинтон белгилегендей, Пакистанга башка өлкөлөрдүн салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен жардам көргөзүлүп жаткан кезде бай пакистандыктардын калыбына келтирүү иштерин каржылоого кол –кабыш кылбаганы менен келишүүгө болбойт. Эл аралык каржы уюмдарынын эсебинде жайдагы суу ташкындын кесепттерин жоюунун жалпы чыгымы 30 миллиард долларга жетүүсү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG