Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Грузия менен Орусия коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрүн жандандырды


Эл аралык ортомчулардын арачылыгы менен өтүп келген сүйлөшүүлөрдүн 13- айлампасы бүгүн Женевада ачылды. Сүйлөшүүлөргө ЕККУ, Евробиримдик, Улуттар уюму ортомчулук кылууда. 2008-жылдын августундагы согуштан кийин эки ортодо ишеним орнотууну максат кылган сүйлөшүүлөргө Москва колдогон Абхазия менен Түштүк Осетиянын өкүлдөрү да тартылган. Бирок анын бул жолку айлампасы аймакта кырдаал курчуп турган учурга туш келүүдө. Маселен өткөн айда Грузия Орусиянын Түштүк Осетиядагы күчтөрүн Москва көз карандысыз мамлекет катары тааныган бул аймактын чегинен тышкаркы жерлерди ээлеп алганы үчүн айыптаган. Бүгүн болсо Москва Грузияны Орусиянын Түндүк Кавказ чөлкөмүнүн тургундарына виза тартибин жойгону үчүн айыптады. Орусиянын тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө Грузиянын бул кадамын “чагым” катары баалады.

XS
SM
MD
LG