Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Тажикстан Өзбекстан менен талашын чечүүдө ЕККУдан жардам сурады


Тажик өкмөтү Өзбекстан менен темир жол боюнча талашын иликтөө үчүн өз миссиясын жөнөтүүнү ЕККУдан расмий суранды. Тажикстандын ЕККУдагы элчиси Нурмухаммад Шамсовдун “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматына билдиргенине караганда, ал ЕККУнун Туруктуу кеңешин жыйынында бул тирешти чечүүнүн “адилет жолун” табуу тезинен зарылдыгын айткан. Тажик элчисинин ырастоосунда, учурда азык-түлүк, дары-дармек, курулуш материалдары жүктөлгөн 884 вагон чек аранын өзбек тарабында турат. Тажик бийликтеринин айтымында, Өзбекстан тарап быйыл февралдан бери аларга транзит аркылуу келе жаткан жүктөрдү өз аймагында кармоодо. Расмий Душанбе муну Өзбекстан Рогун ГЭСнин курулушуна каршы чыгып жаткандыгы менен байланыштырууда. Анткен менен Ташкент жүк вагондорунун кармалуусу темир жолдун кээ бир бөлүктөрүн оңдоо зарылдыгынан улам келип чыккан таза техникалык жүйө экендигин айтып келет. Тажикстан темир жолдо тыш дүйнө менен Өзбекстан аркылуу гана байланыша алат. Тажикстандын улуттук темир жол компаниясы бул көйгөйдү иликтөө үчүн жакында өзбек-тажик комиссиясы түзүлгөнүн билдирген. Мурдараак Тажикстан Өзбекстан менен темир жол талашын чечүүдө жардам сурап, Иранга жана Казакстанга кайрылган болчу.

XS
SM
MD
LG