Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Германияда Гитлерге арналган көргөзмө ачылды


Бүгүн Берлиндеги немис тарых музейинде Адольф Гитлерге арналган согуштан кийинки биринчи көргөзмө ачылат. Көргөзмөгө немис диктатордун өмүр жолун чагылдырган 600дөн ашуун экспонант, өздүк буюмдары жана 400дөн ашуун сүрөт-картиналар, гезит-журнал материалдары, китептер, 3-Рейхтин тушундагы түрдүү оокаттар коюлат. Көргөзмөнүн максаты – Гитлердин Германияга тийгизип жаткан таасирин иликтөө.

Уюштуруучулар көргөзмө ашынган улутчулдардын сыйына турган жерине айланат, ошол эле учурда Холокостту башынан өткөргөндөрдүн нааразылыгын туудурат деп кооптонууда. Ал тургай көргөзмөнүн алгачкы «Гитлер» деген аталышын бир аз жумшартып «Гитлер жана немистер. Улутчул коом жана зордук-зомбулук» деп өзгөртүшкөн.

XS
SM
MD
LG