Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Тажик талаа командирлери бийлик менен сүйлөшүүгө келүүдө


Мурдагы бириккен оппозициянын жетекчилери Мирзохуджа Ахмадов менен Мулло Садриддин тажик бийлиги жарыялаган мунапыска ылайык куралдарын таштап, тынч турмушка өтүүгө макул болушту. «Азаттыктын» тажик кызматы бийлик өкүлдөрү менен талаа командирлери Рашт районунун борбору Гарм шаарчасында кезигип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн маалымдайт. Сүйлөшүүлөрдү тажик парламентинин спикери Зухурджон Шукуров жүргүздү, ал эки тарапка негизги арачы болгондордун бири. Сүйлөшүүгө мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын талаа командири Шох Искандаров да катышты.

19-cентябрда Рашт өрөөнүндө жоочулар Тажик Коргоо министрлигинин аскердик курамына кол салып, анда кеминде 26 аскер өлгөн. Ошондон бери бул аймакта абал өтө курч тейден калууда.

XS
SM
MD
LG