Партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев буга байланыштуу кайрылуу БШКга жана бийлик өкүлдөрүнүн дарегине даярдалып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, БШК жалпы шайлоочулардын 5% тууралуу мурда жарыяланган эрежени өзгөртпөй, 145 миң шайлоочунун добушун сыйлашы керек.
К. Ташиев “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тарапкерлери нааразылык акцияларын мыйзам чегинде өткөрүүгө тийиш деп кошумчалады. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы парламенттик шайлоодо БШКнын мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматы боюнча 145 461 добушка ээ болгон.
БШКнын шайлоого чейин берген маалыматы боюнча жалпы 2 млн. 836 567 шайлоочунун 5% добушун алуу үчүн партиялар 141 828 добуш алууга жетишүүсү керек болчу. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодон кийин негизги жана кошумча тизме деген түшүнүктөр бар экендигин, беш пайыздык тосмодон ошол эки тизмени кошкондон кийин гана жетиштүү добуш топтогон партиялар өтөөрүн, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын добуштары ошол тосмого жетпей атканын айтып чыкты. Учурда БШК негизги тизме боюнча жыйынтыктарды жарыялаганы менен кошумча тизмеден кийинки соңку жыйынтыктарды чыгара элек. (ZKo)