Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Ошто жаштар менен тыгыз иштешүү максатында Жаштар үйү курулат


Мындай маалыматты бүгүн Оштогу жаштардын өкүлдөрү менен болгон видео диалогдо Жаштар министрлигинин статс-катчысы Гүлжамал Султаналиева билдирди. Анын айтымында, ПРООНдун демөөрчүлүгү менен курула турган имарат аймактагы жаштардын башын бириктирүүгө өбөлгө түзмөкчү. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы өткөрүп жаткан теле-көпүрөдө мындан сырткары Оштогу абалды турукташтырууга жаштардын салымы тууралуу сөз болду.

Айрым жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Жаштар министрлиги түзүлгөнүнөн бери 5 айдан ашса да жакшылап иштей албаганын айтып, министрлик элеттик жаштарга көп көңүл буруу керектигин айтышты. Облусттук жана шаардык бийликтин жаштар боюнча адистери, партиялардын жаш канаттары жана айрым уюмдардын өкүлдөрү катышкан видео-диалогго Бишкектен жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун чыгары айтылып, бирок катышкан жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG