Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Берлинде Гитлердин бийлигине арналган көргөзмө ачылды


Көргөзмө “Гитлер жана немистер - улут жана кылмыш” деп аталат. Германиянын тарых музейиндеги бул көргөзмө - нацисттик Германиянын лидери Адольф Гитлердин керт башына сыйынууга арналган биринчи көргөзмө. Ага Гитлер пайдаланган буюмдар коюлбаган. Бирок ал жерден нацисттик бийлик кезиндеги үгүт плакаттарды, Гитлердин айкелдерини, нацисттик жетекчилердин аты-жөнүн үйрөтчү карта оюндарын, Эсэсчилердин жең төөнөгүчтөрүнү, жаңы жылдык балатыны кооздоочу свастика (крест) лампаларды көрүүгө болот. Көргөзмөдө Германияда тамыр курут кылынган жөөттөр, цыгандар жана майып адамдардын, ошондой эле бийликтин саясый оппоненттеринин сүрөттөрү жана тагдыры менен да таанышуу мүмкүн.

Германиянын тарых музейинде ачылган көргөзмө элге Гитлердин бийлигинин табиятын түшүнүүгө жардамдашат дешет анын уюштуруучулары.

XS
SM
MD
LG