“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Бишкекке келгенине 3 күн болду. "Кыргызстанда менин кесиптештериме, укук коргоочуларга кысым күчөп турган маалда мен четте карап тура алган жокмун. Ошондуктан кайрылып келдим. Эми кайра укук коргоо жаатындагы ишмердүүлүгүмдү уланта берем",-деп билдирди Төлөйкан Исмаилова.
Укук коргоочу июнь айында өлкөдөн убактылуу чыгып кеткен. Башка өлкөдөн баш паанек алуу тууралуу ойлобогонун билдирген Төлөйкан Исмаилова укук коргоо ишине байланыштуу анын коопсуздугуна коркунуч келтирген билдирүүлөр болуп жаткандыктан ушундай кадамга баргандыгын "Азаттыкка" курган маегинде айткан.
Укук коргоочу 3-июндан 30-июнга чейин Ош шаарындагы жаңжал чыккан кооптуу аймактарда болуп, адам укуктарын бузуу жагдайларына байкоо жүргүзгөн. (AzK)