Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Бейөкмөт уюм шайлоодо жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгын чыгарды


“Жарандар корруцияга каршы” уюмунун директорлор кеңешинин жыйынында мониторингдин жыйынтыгы боюнча отчет угулуп, анда шайлоочуларга карата колдонулган технологиялар талкууланды. Отчетто шайлоочулардын аймактык сезимине ойногон технологиялар болгондугу, түрдүү маанидеги баракчалар таратылгандыгы жана шайлоочулардын бири-бирине карата жек көрүүчүлүк сезимин ойготкон чакырыктар орун алганы белгиленген.

Мындан тышкары жыйында “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун бир жыл ичинде адам укуктары жаатында алпарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, иш канааттандырарлык деп бааланды. Бул туурасында "Азаттыкка" уюмдун жетекчиси, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG