Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:32

Грузин президенти Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү кубаттады

Парламент кечээ жактырган мыйзамга ылайык, президент бийлигинин бир бөлүгү премьер-министрге өтөт. Грузин маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Михаил Саакашвили Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү кубаттаган сөзүндө Европа Кеңешинин консультативдик органы – Венеция комиссиясынын бардык сунуштары эске алынганын белгилеген. Грузин оппозициясы менен сынчылар Конституциянын өзгөртүлүшүн Михаил Саакашвилинин президенттик экинчи мөөнөтү 2013-жылы аяктаганда, премьер-министрдин ордун ээлөө, ага катар бийликти да колдон чыгарбоо аракети катары баалашкан. Грузин Конституциясынын жаңы жоболорунун бир бөлүгү келерки жылдан, бир бөлүгү 2013-жылдан тарта күчүнө кирет.
XS
SM
MD
LG