Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Германия Орусияны Европанын коопсуздук системасына кошууга аракеттенет


Германия Орусияны Европанын жалпы коопсуздук архитектурасына кадам-кадам менен кошууга аракет кылары жөнүндө бүгүн апталык радио кайрылуусунда немис канцлери Ангела Меркел айтты. Немис канцлери белгилегендей, ал бул аракетти НАТОнун келерки айда Лиссабондо өтүүчү саммитин утурлай жасамакчы. Мунун жүйөөсү катар Ангела Меркел “Кансыз согуш түбөлүккө аяктагандыгын” атады. НАТОнун саммитине тушташ НАТО-Орусия кеңешинин жогорку деңгээлдеги отуруму да өтөт. Немис канцлеринин айтымында, ага Орусия тараптан президент Дмитрий Медведевдин катышуусу белгиленген.

XS
SM
MD
LG