Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Пакистан ооган бийлигине Талибан менен сүйлөшүүсүнө жардам көргөзүүгө дилгир


Бирок өлкөнүн тышкы иштер министри Шах Мехмуд Курешинин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн башында Ооганстан өзү туруусу керек. Бул аралыкта АКШ жана НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы генерал Дэвид Петреустун билдиргенине караганда, НАТО күчтөрү Талибандын колбашчылары ооган бийлиги менен сүйлөшүү үчүн Кабулга жетишин камсыздоого жардам көргөздү. Петреустун айтымында, Талибандын бир нече колбашчысы ооган өкмөтү жана Ооганстанда тынчтык орнотуу ишине тартылган башка өлкөлөр менен байланышка чыккан. Ал сүйлөшүүлөр азырынча баштапкы гана баскычта экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG