Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Дүйнөдө азык –түлүк коопсуздугу боюнча кырдаал кооптуу


Мындай эскертүү бүгүн Жапонияда Азия жана Тынч океан боюндагы өлкөлөрдүн министрлеринин жыйынында жасалды. Жыйында белгиленгендей, тойо тамак жебеген бир миллиардга жакын адамга жардам көргөзүү үчүн айыл-чарба өндүрүшүн көтөрүү керек. Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун кирген өлкөлөрдүн министрлеринин жыйынынын соңунан кабыл алынган документте айтылгандай, дүйнөдөгү ачарчылык көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүү үчүн айыл- чарбасына жана соода чөйрөсүнө инвестицияны көбөйтүү зарыл. Ага катар документте 2007, 2008-жылдары азык –түлүк баасынын кескин өсүшү узак мөөнөттөн алганда азык –түлүк коопсуздугугун абалы морт экендигин эскерткен окуя болгондугу белгиленет. Дүйнөдө бир миллиардга жакын адам тойо тамак жебери БУУнун жакында жарыяланган баяндамасында айтылган.

XS
SM
MD
LG