Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:52

Апрель окуясы боюнча айыпталуучулардын соту ачык болот


Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаты Кайрат Загибаев “Азаттыкка” билдирди. Адвокаттын айтуусунда, 7-апрелде куралсыз элге ок аткан деп айыпталып жаткан “Альфа” атайын кызматынын жана мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлеринин жана ок атууга буйрук берген деп шектелген бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин үстүнөн сот иши 25-октябрда башталат. Сот ачык түрдө, Бишкектеги Спорт сарайында өтөт. Буга айрым айыпталуучулардын адвокаттары каршылыгын билдиришүүдө. Ал эми коопсуздук кызматынын төрагасы Марат Иманкулов айыпталуучулардын жана алардын жактоочуларынын коопсуздугу сакталат деп "Азаттыкка" билдирди.

Апрель окуясы учурунда куралсыз элге ок аткан деген айып менен Улуттук коопсуздук кызматынын курамындагы “Альфа” атайын тобунун башчысы Алмаз Жолдошалиев баш болгон 8 мүчөсү, ал эми мамлекеттик күзөт кызматынын төрага орун басары Данияр Дунганов баштаган 8 кызматкери, мурдагы Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев, мурдагы президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеванная, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Каныбек Жороев жана мурдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиев камакка алынып, кийинчерээк мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Н. Темирбаев менен штаб башчысы Д. Дунгановдон башкасы баары үй камагына чыгарылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG