Азырынча партиялардан келип түшкөн арыз-даттануулар каралып жатат, деп билдирди БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимов “Азаттыкка”. Анын айтымында, шайлоонун акыркы жыйынтыгы протоколдордун түп нускасы бүт жыйналып, арыз-даттануулардын баары каралып бүткөндөн кийин гана жарыяланат. Өткөн жумада БШКда добуш берүү протоколдорун салыштырып, текшерүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн.
10-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого 29 партия катышты. Алардын ичинен шайлоочулардын 5% добушуна “Ата Журт”, СДП, “Ар-намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары ээ болгону кабарланган.(ZKo)