Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Июнь окуясын иликтөөчү эл аралык комиссия маалымат берет


Аталган комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен бүгүн журналисттерге комиссиянын иши тууралуу маалымат берери күтүлүүдө. Кыргызстандын түштүгүндө июнь айында болгон кандуу калабаны эл аралык иликтөөгө алуу үчүн Скандинавия өлкөлөрүнүн демилгеси менен Эл аралык комиссия түзүлүп, сентябрда ишке киришери айтылган. Бирок иликтөө иштеринин башталганы тууралуу буга чейин маалымат берилген эмес. Комиссия түзүлүп жаткан учурда анын жетекчиси К. Кильюнен эл аралык комиссиянын максаты - коогалаңдагы фактыларды калыс иликтөө экенин ырастаган жана ошондой эле август айынын башында ишин баштап, жыл аягында кыргыз өкмөтүнө жана коомчулукка иликтөөнүн жыйынтыгын бермек болгон.

2010-жылдын 10-июнунда Ош шаарында улуттар аралык чатак чыгып, ал үч күндөн кийин Жалал-Абадда уланган. Июнь коогалаңынан расмий маалыматтар боюнча, 429 киши мерт болуп, 38 адам дайынсыз жок болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG