Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын маалымат кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта Ош шаарында 319 өткөөл үйлөрдүн дубалдары тургузулууда. Ал эми 85 өткөөл үйдүн чатыры толук жабылып, 21 үй толук бүткөрүлүп, ички майда жумуштары жасалууда. Ош облусу боюнча 237 өткөөл үйдүн дубалы тургузулуп, 208 үйдүн чатыры жабылууда. 57 өткөөл үйдүн чатырлары жабылып бүттү. Ал эми 50 үйдө ички майда жумуштар аткарылууда.
Жалал-Абад облусу боюнча 56 ушундай үйдүн дубалдары курулуп атат. 144 үйдүн чатырлары жабылып бүткөн. 94 өткөөл үй толук бүткөрүлдү.
Эми аталган дирекция 19-20-октябрда курулган үйлөр боюнча медиа кербен уюштуруп, бүткөрүлгөн үйлөрдү ээлерине берүүнү баштайт. Дирекциядан билдиришкендей, турак-жайларды калыбына келтирүү белгиленген мөөнөттө бүткөрүлмөкчү. Бардык үйлөрдү декабрь айынын башына чейин бүткөрүү пландалган.
Бүгүнкү күнгө чейин Ош жана Жалал-Абаддагы турак-жайларды калыбына келтирүү максатында 433 миллион сом бөлүнүп, анын 223 миллион 271 миң 845 сому коротулду. (IJz)