Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Бишкекте ар башка нааразылык чаралары өтүүдө


Ушул тапта Бишкек шаардык борбордук аянтында “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдары нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден билдиргендей, акцияга 500 чамалуу адам катышууда.

Нааразы болгондор 10-октябрда өткөн шайлоо жыйынтыктарынын жокко чыгарылышын, токтоосуз түрдө люстрация мыйзамынын кабыл алынышын жана ага ылайык мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигин түптөөгө түздөн-түз катышы бар адамдардын бийликке келбешин талап кылышууда. “Мекен шейиттери” кыймылынын лидерлеринин бири Турат Сагындыков “Азаттыкка” билдиргендей, нааразычылык акциясы 7-апрелдеги ыңкылапты коргоп калуу максатында уюштурулууда.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты алдында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери нааразычылык акциясын өткөрүүнү пландоодо. Аталган партиянын маалымат кызматы билдиргендей, каршылык акциялары тынчтык маанайда болуп, алардын парламентке келишине бут тоспоону талап кылышмакчы.

БШК тараткан маалыматтарга караганда, негизги жана кошумча тизмелерди кошкондон кийин жалпы шайлоочулардын саны 3 миллиондон саал ашты. Демек беш пайыздык чектен өтүү үчүн 150 миң чамалуу добуш топтоо керек. 145 миңден ашуун добуш топтогон “Бүтүн Кыргызстан” партиясы ушул тапта ал чекке жетпей турат. Ошентсе да кошумча тизме чыккандан кийинки алдын-ала жыйынтыктар чыга элек. БШК болсо шайлоо жыйынтыгы бюллетендер толук келип, текшерилгенден кийин гана чыгарыларын айтууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG