Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Токтогулда суунун өлчөмү 19 млрд. 455 млн. куб метрге жетти


Токтогул суу сактагычында суунун өлчөмү 19 миллиард 455 миллион куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирет. Былтыр ушул маалда Токтогулдагы суунун өлчөмү 12 миллиард 864 миллион куб метр болсо, 2008-жылы 9 миллиард 578 миллион куб метр гана болгон. Токтогулдагы суунун өтө азайып кеткенине байланыштуу ал кездери жалпы өлкө боюнча маал-маалы менен жарыкты өчүрүүлөр орун алып, өлкө башчысы элди тезек терүүгө үндөгөн учуру болгон. Ал эми азыр Токтогулдагы суунун жетиштүү экендиги, быйыл кышта жарык өчүрүлбөсү убада кылынууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG