Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Филиппинди супер тайфун каптады


Миңдеген филиппиндиктер “Меги”деп аталган супер тайфундан сактануу үчүн там-жайларын таштап качышты. 18-октябрда саатына 225 чакырым ылдамдыкта жылган тайфун Филиппиндин түндүк чыгыш жээгин каптады. Бийликтер, катуу жаан аралаш шамал эгин жайларга, турак үйлөргө жана инфраструктурага чоң зыян келтириши этимал экенин эскертүүдө. Эксперттер “Мегини” эң коркунучтуу же бешинчи даражадагы тайфун деп сыпатташты. 2006-жылы ушундай тайфун бир миңден ашуун филиппиндиктин өмүрүн жалмап кеткен.

XS
SM
MD
LG