Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Мурдагы баш прокурор азыркысынын ишин иликтөө демилгесин көтөрдү


Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, азыркы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун ишмердүүлүгүндөгү чекиликтерди иликтөө боюнча комиссия түзүү тууралуу демилге козгоп атканын айтты. Анын айтымында, мындай комиссия түзүү боюнча кат президент Роза Отунбаевага жөнөтүлдү.

Б.Ибраевдин айтымында, мындай комиссия түзүү зарылчылгы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун ар түркүн билдирүүлөрүнөн кийин келип чыгууда. Анын үстүнө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жан-жөкөрлөрүнүн айрымдарынын иштерин женилдетүү аракеттери байкалууда.

Азырынча башкы прокурор Кубатбек Байболов мурдагы башкы прокурордун билдирүүсүнө жооп кайтара элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG