Германиянын президенти Христиан Вульф Анкарада беш күндүк сапарын баштады. Бул Германия мамлекет башчысынын соңку он жылда Түркияга биринчи жолу келүүсү. Визит Германияда өлкөдөгү 5 миллион чамалуу мусулмандарды, аладын көбү теги түркиялыктар - коомго интеграциялоо боюнча талкуу кызыган учурда жүрүүдө. Канцлер Ангелла Меркель эки күн мурда Германияда көп маданияттуу коом түзүү аракети ишке ашпаганын, Германия немец тилин жана маданиятын үйрөнгөнгө кыласы бар мигранттарга “кош келиңиз” деп айтарын билдирген. Мусулмандардын интеграцияланышы боюнча талкуу августта Германиянын борбордук банкынын ал кездеги төрагасы Тило Сразин өлкө билимсиз мусулман мигранттарды кабыл ала берип, караңгы болуп баратат дегенден кийин башталган.