Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Аба ырайы: шашылыш билдирүү!


19-октябрга карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27 даража жылуу болот, Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25, Баткенде түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27, Ош жана Жала-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20, Нарын облусунда түнкүсүн 2… 7, күндүз 15…20 даража жылуу болоору күтүлүүдө. Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5 даража муздак ал эми күндүз 1... 4 даража жылуу.

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26 даража жылуу болот.

Ошондой эле акыркы күндөрү уланган жылуу аба ырайынан кийин 20-22-октябрда Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт. Өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолордо кар түшөт, кээ бир райондордо жаан-чачын мол жаайт. 21-октябрда жааган жаан карга айланат. Зымдарга жана бактарга муз тоңуп, суу кар жармашат. 21-22-октябрда абанын температурасы төмөндөйт. Түнкүсүн 0…-5 даражага жеткен үшүк жүрөт, күндүз 2…7 даража жылуу болот.

Мындай аба ырайы күздүк эгинди себүүдөгү талаа иштерин бир нече күнгө токтотуп, транспорт, энергетика, байланыш жана коммуналдык жумуштарга кыйынчылык алып келет. Үшүк жүрүшү жыйналбаган мөмө жана жашылча жемиштерге коркунуч алып келет.

XS
SM
MD
LG