Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

АКШ элчилиги жактоочулардын абалына тынчсызданууда


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өзбек тектүүлөрдүн жактоочуларын коркуткан, кол салган фактылар бар экенине тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. АКШ элчилиги өлкө түштүгүндөгү соттук териштирүүлөргө байкоо салып турганын, козголгон иштерди калыс кароо – ынтымакка келүүнүн башкы ачкычы экенин айтат. Ошол себептүү элчилик кыргыз бийлигин коогалаңга байланыштуу иштерге катышкан жактоочулардын, күбөлөрдүн жана алардын туугандарынын коопсуздугун камсыз кылууга чакырат. (IJz)

XS
SM
MD
LG