Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

“Бүтүн Кыргызстандын” Бишкектеги митинги соңуна чыкты


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев билдирди. Анын айтымында, партия өз максатына жетмейин митингдерди уланта бермекчи жана эртең да нааразычылык иш чараларды улантууну болжоодо.

Бүгүнкү митингде партия лидерлери Адахан Мадумаров, Марат Кайыповдор чыгып сүйлөп, алардын парламентке келүүсүнө бут тосуулар болуп атканын айтышты. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өткөн нааразычылык иш чарасына 2500-3000 чамалуу адам катышты. Ички иштер министрлиги бул иш чарага миң чамалуу адам катышканын билдирүүдө.

Аталган партия шайлоодо 145 миңден ашуун добуш топтогон. Негизги тизме боюнча мурда беш пайыздык чек 142 миңге чукул экени көрсөтүлгөндүктөн, аталган партия тосмодон өткөнүн айтууда. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы кошумча тизмедегилер кошулган соң беш пайыздык чек 150 миңге чыкканын жарыялаган. Мындай жагдайга “Бүтүн Кыргызстан” партиясы нааразы болууда. Азыр шайлоонун ырасмий жыйынтыктары чыга элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG